Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Президенттик шайлоодо добуш берүү участоктору Германияда да ачылат


Бул тууралуу президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык экинчи жыйында КР тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымдады. Анын айтуусунда кыргызстандык жарандар Орусияда, Казакстанда жана Германияда көптүк кылат. Министрдин белгилөөсү боюнча добуш берүү кагаздарын, документтерди, шайлоо үкөктөрүн Орусиянын алыскы аймактарына жана түз аба каттамы жок АКШ, Малайзия сыяктуу алыскы өлкөлөргө жеткирүү кыйынчылыкка турууда. Ал эми миграция жана калкты эмгек менен камсыздоо комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова ушул тапта Кыргызстандан тышкары жүргөн мекендештердин саны 192 миңдин айланасында экендигин кабарлады. Анын белгилөөсү боюнча бул көрсөткүчкө жарандыгын алмаштыргандар кирбейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG