Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Украинада банк имаратындагы жарылуудан 20дан ашуун киши жаракат алды


Окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Мелитопол шаарында, Ощадбанк деп аталган мамлекеттик банктын бөлүмүндө болду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, жарылуу имаратка белгисиз эки адам кирип, ичине бир нерсени таштап кеткен соң орун алган. Полиция окуяны азырынча комментарийлей элек. Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрликтин билдиргенине караганда, олуттуу жаракат алган беш адам ооруканага жеткирилген. Алардын бирөөсүнүн абалы абдан оор.

XS
SM
MD
LG