Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Туристтик сезонду жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн өкмөттүк штаб түзүлөт

Туризмди өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашовдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча быйылкы эс алуу сезонун ойдогудай өткөрүү биринчи максат болуп эсептелет. Ошондуктан, 1-июндан 1-сентябрга чейин өкмөт алдындагы атайын оперативдүү штаб иштеп, анда бардык министрликтерге тиешелүү маселелер боюнча ар бирине жоопкерчиликтер жүктөлгөн. Турусбек Мамашовдун айтуусунда 2009-жылдын жарым жылында эле туризмден түшкөн киреше өткөн жылдагыдан 30% жогору болду.(ZKo)
XS
SM
MD
LG