Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Бразилиянын аскер-аба күчтөрү Анлантика океанынан учактыкына окшош сыныктарды тапты


Франциянын “Air France” компаниясынын кечээ жоголуп кеткен жүргүнчү учагын Бразилиянын аскер-аба күчтөрүнүн учактары Атлантика океанында издеп жаткан. Жоголгон учактыкы деп болжолдонгон сыныктар Бразилиянын Фернандо де Норонья аралынан 650 чакырымдай түндүк-чыгыш тараптан табылганын бразилиялык аскер-аба күчтөрдүн басма сөз өкүлү билдирди. Бирок ал белгилегендей, табылган сыныктар “Air France” компаниясынын Рио де Жанейро – Париж багытында 447 каттамды аткарган учагыныкы деп дароо эле ырастоо азырынча мүмкүн эмес. Бортунда 32 өлкөдөн 228 жүргүнчү бар, Airbus 330 үлгүсүндөгү учак Атлантика океанынын үстүнөн кыйраган деп болжолдонууда. Кырсыктын себептери боюнча да азырынча түрдүү жоромолдор айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG