Кыргызстандын Биринчи вице-премьер-министри 4-июнда Москвада боло турган Кыргызстан-Москва шаардык өкмөттөр аралык комиссиясынын жетинчи отурумуна катышат. Ал эми 3-июнда Өмүрбек Бабанов Москва облусунун өкмөтүнүн тышкы экономикалык байланыштарды тейлеген министри Тигран Караханов менен жолугушуп, Кыргызстан менен Москва облусунун экономикалык кызматташуусуна байланыштуу маселелерди талкуулайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)