Бул тууралуу БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси Бактыбек Бешимов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, чогултулган колдор шайлоо комиссияларына тапшырылды. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин пайдасына 85 миңден ашуун жарандын колу топтолуп, текшерүүгө тапшырылган.(AiT)