Кытай бийлиги Бээжиндеги Тянанмэн аянтындагы окуялардын 20 жылдыгынын алдында белгилүү интернет баракчаларды жапты. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, бийлик маалымат алмашуу үчүн колдонулуп келген интернеттеги белгилүү социалдык түйүндөрдү жапкан. Тыюу салынган баракчалардын арасында Twitter, YouTube, Wordpress өңдүү сайттар да бар. “Чек арасыз кабарчылар” уюму тараткан билдирүүдө, “Кытай бийлиги 20 жыл мурда болгон окуялар тууралуу интернет колдонуучулардын эркин баарлашуусун каалабайт” деп айтылат. 1989-жылы 4-июнда Кытай бийлиги Тянмэн аянтында студенттердин массалык нааразылык акциясын күч менен баскан.