Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:57

Кечээги жааган мөндүр Чүйдө айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда кечээги жааган мөндүр Чүй облусунун Ысык-Ата, Москва, Сокулук райондорнун аймагында жалпысынан 1540 гектар жердеги айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянга учураткан. Алдын ала маалыматтарга караганда катуу жааган мөндүрдөн кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес. Ал эми “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынан алынган маалыматтарга караганда быйыл нөшөрлөп жааган жамгырдан Баткен, Ноокат, Лейлек, Өзгөн жана Кара Кулжа райондору, Сүлүктү шаары көп жабыркаган. Яссы дарыясындагы Мырзаке менен Кызыл-Дыйкан айылын байланыштырган көпүрөнү оңдоо, суу тосмолорунун курулушунун мөөнөтү тынымсыз жааган жаандан улам кийинкиге жылдырылган. Ондогон гектар айыл-чарба аянттары, жолдор, көпүрлөр бузулуп, турак жайлар, курулуштар селден жабыркаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG