Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

БЭК Түп окуясы боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу ниеттен билдирди


Бүгүн Бириккен элдик кыймылы маалымат жыйынын өткөрүп, Түп районунун аймагында курултай өткөрүүгө Ысык-Көл облустук жана райондук администрация жетекчилеринин, райондук милиция кызматкерлеринин оппозицияга жана жарандык уюмдардын мүчөлөрүнө, карапайым элге карата мыйзамсыз иш аракеттери жөнүндө айтышты. БЭК жергиликтүү бийликтердин мындай иш аракеттерин Конституцияны жана адам укуктарын одоно бузуу катары эсептеп, жогорудагы администрация жетекчилерине, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларына кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартуу маселеси менен Башкы прокуратурага кайрылуу ниетин билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG