“Чек арасыз кабарчылар” деп аталган эл аралык уюмдун билдиргенине караганда, кытай бийликтери блокадалаган сайттар негизинен Интернетти колдонуучулар жандуу пикир алмашуусуна мүмкүндүк берген түйүндөр. Мисалы Twitter, YouTube, WordPress өңдүү интернет сайттар, электрондук кат алмашуунун Hotmail түйүнү. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун бүгүнкү билдирүүсүндө белгиленгендей, Кытай бийликтери мындан 20 жыл мурдагы окуялар боюнча диалог жүргүзүүгө жолтоо кылуу менен “цензураны тандап алышты”.
1989-жылдын 4-июнунда Кытайдын аскерлери баш калаа Пекиндин Тяньанмэнь аянтында студенттердин массалык нааразылык акциясын күч менен басышкан.
1989-жылдын 4-июнунда Кытайдын аскерлери баш калаа Пекиндин Тяньанмэнь аянтында студенттердин массалык нааразылык акциясын күч менен басышкан.