Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

Президент “Таза суу” программасын ишке ашырууну көзөмөлгө алууну тапшырды


Бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиев кеңешме өткөрүп, анда өлкөнүн январь-май айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алгачкы жыйынтыктары каралды. Алдын-ала маалыматтар боюнча, ушул мезгил ичиндеги ИДП реалдуу түрдө 0,1 пайызга жогорулап, 57,4 млрд.сомду түзгөндүгү белгиленди. Андан тышкары, январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу 75% деңгээлинде болсо, кийинки айларда 87,4 пайызга дейре жогорулады. Бул көбүнесе буга чейин иштебей турган ишканаларды, анын ичинде Кант шифер комбинатын, Таш-Көмүр жарым өткөргүчтөрдү чыгаруучу заводун, Кант цемент заводун, Майлы-Суу электрлампасын чыгаруучу заводун ишке киргизүүгө, ошондой эле Ак-Сай цемент заводу (Ош облусу), таш иштетүүчү завод жана гипсокартон чыгаруучу «Мега Югион Индастри» заводу (Жалал-Абат облусу), Токмок булгаары иштетүүчү заводу ачылгандыгына байланыштуу. Өлкөгө тыштан алынып келинип жаткан нефтепродуктылардын, эгиндин, ундун, арматуранын баасы былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге арзандады. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча план салык төлөмдөрүн чогултуу жаатында 104,6%, бажы салыгын чогултуу жагында 86,9 пайызга аткарылды. Жалпысынан алганда, мамлекеттик бюджеттин кирешеси былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд.245 млн.сомго көбөйдү. Пенсиялар жана жөлөкпулдар убагында берилип жатат. Кеңешме учурунда мамлекет башчысы алыскы райондордун элин ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесине токтолду. "Улуттук каналдын «Мекеним мейкин» программасында Нарын районунун Ак-Кыя жана Таш-Булак айылдарындагы ичүүчү таза суунун тартыштыгына байланышкан оор абал тууралуу сюжет көрсөтүлдү. Бул айылдар Дүйнөлүк банктын «Таза суу» программасынын алкагындагы долбоорго киргизилген экен. Бирок элдин жалпы чыгымдардын 0,5 пайызын түзгөн каражатты чогултууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, проблема чечилбей келатат. Ушундай эле абалда турган айылдар аз эмес. Ошондуктан, аларга көмөк берүүнүн жолдорун табышыбыз керек», - деди К. Бакиев. Өлкө башчысы ошондой эле «Таза суу» программасын ишке ашыруунун жүрүшүн катуу көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG