Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:08

АКШнын атайын өкүлү бүгүн Пакистанга келет


Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүл Ричард Холбрук үч күндүк иш сапары учурунда өлкө аймагындагы качкындар лагерлеринде болуп, алардын абалы менен таанышат, гуманитардык уюмдардын кызматкерлери менен жолугат. Пакистандын армиясы акыркы бир ай бою өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө жана ага коңшулаш райондордо талибдерге каршы жүргүзгөн аскерий операцияга байланыштуу ал аймактардан эки миллион төрт жүз миңдей адам качып чыкты.

АКШ Пакистан өкмөтүнүн талибдерге каршы аракетин колдоо менен бирок гуманитардык кризистин созулуп кетүүсү, өкмөттүн исламчыл согушкерлер менен күрөшүнө карата коомдук колдоого шек келтирүүсү мүмкүн экенин эскерткен. Качкындарга жардам көргөзүү иштери үчүн Вашингтон 110 миллион доллар ажыраткан.

Сват өрөөнүндөгү армия командачыларынын бири, генерал Айжаз Авандын бүгүн кабарчыларга билдиргенине караганда, Талибан көзөмөлдү кайра орнотуп албоосу үчүн аскерлер өрөөндө кеминде бир жылга калчудай.

XS
SM
MD
LG