Бразилиянын аскер-аба күчтөрү Франциянын “Air France” компаниясына караштуу Airbus-330 үлгүсүндөгү учактыкы делген сыныктарды Аталантикадан кечээ тапкан эле. Бразилиялык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, учактын сыныктары, күйүүчү майдын тагы жаткан тилке 5 чакырымга чейин созулган. Учурда ал аймакка жетүү аракети жасалууда. Эксперттер учактын бортундагы 228 жүргүнчүнүн баары каза тапкандыгы анык экендигин айтып жатышат. Жүргүнчүлөр 32 өлкөдөн болгону менен көпчүлүгүн бразилиялыктар менен франциялыктар түзгөн. Бразилиянын өкмөтү кырсыктын курмандыктары үчүн үч күнгө аза күтүү жарыялады. Рио де Жанейро – Париж багытындагы каттамды аткарган учак дүйшөмбүнүн таңында Антлантиканын үстүнөн кыйраган. Кырсыктын себептери боюнча азырынча түрдүү жоромолдор айтылууда.