Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Молдованын парламенти президентти бүгүн да шайлай алган жок


Бийликтеги Коммунисттик партиядан шайланган алтымыш депутаттын баары өз талапкери, учурдагы премьер-министр Зинаида Гречанная үчүн добуш беришти, оппозициядагы партиялардын депутаттары болсо шайлоону мурдагыдай эле бойкоттошту. Натыйжада президенттин шайлануусу үчүн 101 орундуу парламенттен талап кылынган кеминде 61 добуш камсыздалган жок.

Конституцияга ылайык, эми президент Владимир Воронин парламентти таратып, жаңы шайлоону белгилөөсү керек. Коммунисттер көпчүлүктү түзгөн азыркы парламент быйыл 5-апрелде өткөн шайлоонун натыйжасында куралган эле, бирок добуш берүүнүн арты тополоң менен коштолгон болчу.

Президент Владимир Ворониндин өзү болсо үчүнчү мөөнөткө бара албайт, бирок ал бийликте парламент төрагасы катары калууга үмүттөнүп жаткан. Бул кызмат ага апрелдеги шайлоодон кийин ыйгарылган эле.

XS
SM
MD
LG