Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Жалал-Абатта топтолгон кол тамгалардын жыйынтыгы чыкты


Облустук шайлоо комиссиясына президенттик кызматка ат салышаар жети адам үчүн жыйналган кол тамгалар тапшырылган. Шайлоокомдун жумушчу тобу БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев үчүн топтолгон 18341 колдун 18,9 пайызын жараксыз деп тапты. «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев үчүн жыйналган колдордун 15 пайызы жарабай калды. Ал үчүн облустун 3600 тургуну кол койгон. Коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиевага караштуу кол тамгалардын 20 пайызы керексиз болду. Мындай маалымат облшайлоокомдун жооптуу катчысы Бариса Турдубаевадан алынды. Анын билдиришинче, президент Курманбек Бакиевге тапшырылган колдордун 4 пайызы, Нурлан Мотуев менен Акбаралы Айтикеевге караштуу кол тамгалардын 10дон пайызы, Жеңишбек Назаралиевге берилген колдордун 12,6 пайызы жарабай калган.(YA)

XS
SM
MD
LG