Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

HRW: Казакстан ЕККУда төрагалык кылууга даяр эмес


Бул тууралуу бүгүн “Хьюман Райтс Уочт” уюму билдирди. Аталган уюмдун пикиринде, Казакстан адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарды урматтабайт жана ага ЕККУда төрагалык кылуу укугу эрте берилген. “Хьюман Райтс Уочттун” аткаручу директору Кеннет Рос Франс Пресс агенттигинин кабарчысына Алматыдан айтканына караганда, өлкөдө адамдардын тынч жыйналуу укугу, дин эркиндиги, маалымат каражаттарынын укуктары бузулуусунун али уланып жаткандыгы Казактандын ЕККУдагы төрагалыкты эффективдүү жүргүзүү жөндөмү боюнча суроолорду жаратууда. Казакстан ЕККУда келерки жылдын 1-январынан тарта төрагалык кылуусу керек.

XS
SM
MD
LG