Бул тууралуу Хамдамовдун адвокаты Азиза Абдырасулова билдирди. Анын маалыматы боюнча, Өзбекстан атуулу Шерали Хамдамов быйыл февраль айында Бишкекте кармалган. Ага мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн, конституциялык түзүлүштү бузууга үндөгөн жана тыю салынган уюмга мүчө болгон деген айыптар коюлууда. 20 жаштагы Хамдамов качкын статусун алуу үчүн БУУнун качкындар комиссариятында катталган. Анын энеси качкын статусун алып, Канадага көчүп кеткен. Алгач Свердлов райондук соту май айында ишти кароону баштап, белгисиз мөөнөттөргө которгон эле.(AiT)