4-5-6-июнда боло турган форумга Россиянын “Единая Россия”, Казакстандын “Нуротан” жана Кыргызстандын “Ак жол” партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү, ишкерлер, мамлекеттик кызматта жана өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген жаштар катышат. Форумда жаштардын ишкерлик, мамлеккеттик кызмат жана өкмөттүк эмес сектордо иштөөсүнө байланыштуу маселелери талкууланат. Жума күнү Форумдун катышуучуларына президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” форумдун уюштуруучулары кабарлады. (AiT)