Кытай бийлиги Тянанмэн аянтындагы кыргындын 20 жылдыгы алдында Бээжинде коопсуздук чараларын күчөттү. Кабарларга караганда, кечээ аталган аянт курчоого алынып, полиция күчтөрүнүн ири бөлүгү тартылган. Мындан сырткары Кытай бийлиги интернеттеги белгилүү баракчаларды жапты. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кытай бийлигин 20 жыл мурда нааразылык акциялары убагында набыт болгондордун ысмын ачыктоого жана ошол митингдердин катышуучуларын камактан бошотууга үндөдү. 1989-жылы, 4-июнда Кытай жетекчилиги демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып, 20-апрелден бери Тянанмэн аянтында чогулган элге каршы танктар коштогон аскерди кое берген. Бул түнү реформаны талап кылган жүздөгөн студенттер жана ишчилер набыт болгон. Кытайда Тянанмэн кыргынын эскерүүгө тыюу салынган.