Алар Жогорку Кеңеш депутаттарынан турак-жайга болгон укуктарын коргоп берүүнү өтүнүштү. “Жаңы Кыргызстан” конушунун тургундары маалымат жыйынын өткөрүшүп азыркы Кара-Жыгач-3 деген аймактагы курулган үйлөрүнө кызыл китепче берүүнү Бишкек шаар бийлигинен талап кылышты. Алардын айтымында, 132 адам турак жайларын куруп алгандан кийин, шаар бийлигинен ошол участокторго кызыл китепчеси бар адамдар келип жерлерди бошотууну талап кылышууда. (AJ)