Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, Тажикстанда май айындагы нөшөрлөп жааган жаандан жабыр тарткан аймактарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курулуш материалдарын, трансформатор, электркыймылдаткычы сыяктуу жалпы суммасы 4 миллион 359 сомдук гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул жардамды өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Туратбек Жунушалиев жеткирип баруусу күтүлүүдө. (AJ)