Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:49

Бишкекте жалган электромонтерлер пайда болду


Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматка караганда, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда жалганчы монтерлер пайда болуп, үч фазаны электр зымына кошуу үчүн акы талап кылышууда. Үч фазага кошуу акысыз, компаниянын эсебинен жүргүзүлөт. Ошондуктан “Түндүкэлектр” ишканасы жаңы конуштардын тургундарын кызмат көрсөтүүчү адамдардан “Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкери деген күбөлүгүн талап кылып, текшерүүгө чакырды. Чүй облусунда 9 миң 119 турак жай үч фазага кошулса, Бишкекте 615 үй үч фазага кошулган. (AJ)

XS
SM
MD
LG