Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:49

Польша "Солидарность" кыймылынын жеңишинин 20 жылдыгын белгилеп жатат


Коммунисттик режимдин кыйрашына алып келген добуш берүү мындан 20 жыл илгери өткөрүлгөн. 1989-жылдын 4-июнунда парламенттик шайлоого катышкан польшалыктар оппозициядагы "Солидарность" кыймылына колдоо көргөзүшкөн. "Солидарносттун" бийликке келиши социалисттик блокко кирген европалык өклөлөрдө коммунисттик режимден арылуу жараянына түрткү берген. Гданск шаарындагы иш-чараларга кыймылдын лидери Лех Валенса, Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел катышмакчы. Ушундай эле иш-чаралар ноябрга чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө өткөрүлмөкчү. Ноябрда болсо Берлин дубалынын кулашынын 20 жылдыгы кеңири беглиленмекчи.

XS
SM
MD
LG