Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Хамид Карзай Курманбек Бакиев менен жолугууну көздөөдө


Ишенимдүү булактын маалыматына караганда Ооган президенти Хамид Карзай Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен ЖККУнун Екатеринбург саммитинин алкагында көзмө-көз жолугушууну көздөөдө. Буга байланышкан катты Ооган президенти Казактандагы өз элчиси аркылуу Кыргызстандын Казакстандагы элчисине берген. Катта белгиленгенге караганда Карзай Бакиев менен Ооганстандагы гуманитардык жагдай тууралуу сүйлөшчүдөй. Атын атоону каалабаган булактын маалыматына караганда демилге көтөргөн тарап антитеррордук коалициянын Кыргызстандагы аба-аскерий базасынын айланасында да сүйлөшүү ниети бар. Кыргызстандын Казакстандагы элчиЖаныш Рустенбеков Ооганстандын Казакстандагы элчиси Абдул-хай Хайдери өз президентинин атынан КР президентинин дарегине кат бергендигин "Азаттыкка" тастыктады. Жаныш Рустенбеков каттын мазмуну менен тааныш эместигин кошумчалады. (ZKo, BuS)

XS
SM
MD
LG