Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Жалал-Абатта аялдардын башындагы көйгөй маселелер талкууланды


Мамлекеттик каттоодон өтпөй, турмушка чыккан аялдардын укугу бузулууда. Алар никеге турбаган соң, социалдык жеңилдиктерди алалбайт. Балдарына күбөлүк берилбейт. Ажырашканда үй- мүлкү тең бөлүнбөй, балдары алиментсиз, өздөрү жер үлүшсүз калышат. Ажырашуунун айынан эркектерге көп аял алуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Коомдук сурамжылоодо никесиз аялдар дискриминацияга туш болоору аныкталган. Бул тууралуу Улуттук Кызыл ай коомунун түштүктөгү өкүлчүлүгүнүн Жалал-Абатта өткөн тегерек үстөлүндө сөз болду. Өкүлчүлүктүн облустагы аярлуу аялдарды реабилитациялоо борборунун башчысы Күлбарчын Исмаилованын белгилешинче, соңку жылдары эрте үйлөнгөндөрдүн аз ажырашканы байкалган. (YA)

XS
SM
MD
LG