Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:09

Таласта жол кырсыгынан кайтыш болгондордун саны көбөйүүдө


Быйыл жыл башынан бери 20 жол кырсыгы катталып адан 28 адам жаракат алып, 9 адам кайтыш болгон. Бул маселе бүгүн өткөн облустук жыйында талкууланып, облус губернатору Бейшенбек Болотбеков мындай абалды айыл жерлериндеги көчөлөр жарыктандырылбаганы менен байланыштырды. Облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Оморовдун айтымында, жол кырсыгынын көп болушу жолдордун начардыгынан да болуп жатат. Губернатор жыйындын соңунда облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Абай Кожокуловго облустук МАИ башчысынын ишин катуу көзөмөлгө алуу тууралу жана айыл округ башчыларына айыл көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча буйрук берип, жеке өзү бул ишти көзөмөлдөй турганын эскертти. (UA)

XS
SM
MD
LG