Билдирүүдө 31-майда оппозициянын курултайын үзгүлтүккө учуратуу жана куугунтуктоо кескин айыпталып, бул Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан бери демократиялык аралча деп келинген аброюна чоң зыян алып келгени белгиленген. Билдирүүдө курултай өткөрүүгө уруксат бербөө менен жергиликтүү бийлик ыйгарым-укуктарынан ашканы, анткени курултай, тынч жыйындарды өткөрүүгө уруксат бербешти сот гана чечеери көрсөтүлгөн. Кыргызстандын демократиялык бейнеси үчүн көптөгөн саясатчылар, укук коргоочулар көп жылдардан бери эмгектенип келген. Ысык-Көл облусунун бийлиги мына ошол жетишкендикттерге жана борбордук бийликтин аброюна шек келтирди, деп белгиленген билдирүүдө.(AiT)