Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

КМШ парламенттик ассамблеясы интернет тууралуу мыйзамды талкуулайт


"Интернет жөнүндө" мыйзам долбоору КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын 8-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган жыйынында талкууланат. Ага ассамблеянын катчылык кеңешинин жетекчиси Михаил Кротов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев катышаарын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жыйында андан тышкары "Паспорттук визалык документтер жана адамды таанытуучу жаңы муундагы документтер", "Электрондук мамлекеттик кызматтар", "Сыналгы менен көрсөтүлүучү медициналык кызматтар" жана "Спорт жана маданият жөнүндөгү" үлгү мыйзам долбоорлору талкууланат. Бул күнү ассамблеянын мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну үйрөнүү боюнча туруктуу комиссиясынын да жыйыны болот.(BD)

XS
SM
MD
LG