Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Талапкер К.Асылбеков БШКны сотко берет


Мындай маалымат президенттикке талапкер Куттубек Асылбековдон алынды. Анын айтымында, БШК жарандардын колу топтолчу документтин үлгүсү боюнча туура эмес түшүндүрмө бергендиктен өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чогулткан колдун баары жараксыз болуп калды.Ошон үчүн талапкер БШК мыйзам чегинде жооп берүүгө милдеттүү деп эсептейт. Ал эми БШКнын мүчөсү жана талапкерлер менен иштечү жумушчу топтун жетекчиси Жамиля Алымбекова Асылбеков буга чейин мындай арыз менен БШКга кайрылгандыгын жана комиссияга коюп жаткан дооматына негиз жок экендигин билдирди. Анын айтымында, талапкердин өкүлдөрү колдор топтолчу үлгү документти туура эмес пайдаланышып, колдор туура эмес толтурулгандыктан бир дагы облустук жана шаардык шайлоо комиссия аларды кабыл алган эмес.(BD)

XS
SM
MD
LG