Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Европарламентке шайлоо өтүп жатат


Европанын айрым өлкөлөрүндө добуш берүү кечээ эле башталган жана 7-июнга чейин созулат. Бүткүл Европа боюнча добуш берүүгө укуктуулардын саны 375 миллион адам. 736 орундуу парламент Европанын мыйзамдарын кабыл алууда өтө маанилүү ыйгарым укуктарга ээ экенине карабай, элдин шайлоого катышуу көрсөткүчү төмөн болору күтүлүүдө. Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн көбүндө шайлоо жекшембиде өтөт. Добуш берүү кечээ башталган Нидерландия менен Британияда шайлоо бекеттери бүгүн кечинде жабылат. Коомдук пикирди сурамжылоонун Нидерландиядагы кечээги жыйынтыктары улутчул жана анти-иммиграциялык маанайдагы "Эркиндик" партиясы колдоо табып жатканын көргөздү.

XS
SM
MD
LG