Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Ош облсоту укук коргоочу Равшан Гапировду актады


Былтыр Ош шаардык соту «Акыйкат сот – чындык» бейөкмөт уюмунун башчысы Равшан Гапировду Интернет аркылуу тараткан баракчаларында өлкөдө тыюу салынган Хизб-ут Тахрир партиясын колдогон деп айыптап бир жылга эркинен ажыраткан. Андан тышкары соттолуучу өкүм күчүнө киргенден кийин дагы жети ай түрмөдө ашыкча олтурган. Бирок мамлекеттик дин агенттигинин Бишкектеги эксперттеринин корутундусун Ош облустук соту карап чыгып, укук коргоочунун аракетинде кылмыштын курамы жоктугун белгилеп, толук актады. Бул туурасында «Азаттыкка» Ош облустук сотунан кабарлашты.

Анткени менен Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Азим Мойдунов Равшан Гапиров мамлекеттик дин агенттигинин Оштогу эксперттеринин корутундусуна ылайык соттолгондугун билдирип, эки ача өкүмгө чекит коюу үчүн кылмыш ишин кайрадан тергөөгө жөнөтүү зарылдыгын айтууда.

2008-жылдын 8-январында Интернет сайттардын бирине оштук Рыскул Мондошевдин «Кыргыз симбиозу. Эгерде бийлик криминалга жакындашса, а бейөкмөт уюмдар диний-экстремисттик уюмдарга ыкташууда» аттуу макаласы орусча жарыяланып, анда автор «… укук коргоочулар М. Балтабаев жана Р. Гапиров өздөрү «Хизб-ут Тахрир» партиясынын активдүү мүчөлөрү болуп саналышат, идеялык жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча уюмдун ишин пропагандалоо максатында өнөктүктү күчөтүштү» деп жазган эле. Буга териккен Оштогу «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун директору Равшан Гапиров Рыскул Мондошевдин электрондук дарегине орус тилинде төгүндөө жөнөтүп, каршылашын массалык маалымал каражаттары аркылуу да эрөөлгө чакырган. Эч кандай жооп болбогондо, каяшасын Интернет аркылуу түштүктөгү бардык бейөкмөт уюмдарга тараткан. (ATo)

XS
SM
MD
LG