Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Президент Курманбек Бакиев Ысык-Көлдө иш сапары менен жүрөт


Өлкө башчысы бүгүн Ысык-Көл районундагы Кашат айылындагы мектептин жаңы бөлмөлөрүн ачты. Айыл эли менен болгон жолугушууда мугалимдердин кошумча эмгек акылары 10-июлга чейин берилээрин жана социалдык фондго 4 млрд. сом чогулгандыктан 50 пайызга көбөйгөн пенсия төлөмдөрү да убагында таратылаарын билдирди. К. Бакиев Чолпон-Атада өтүп жаткан эл аралык жаштар форумунун катышуучулары менен да жолугуп, алар сунуштаган долбоорлорду жактырды жана Кыргызстан, Казакстан менен Орусиянын жаштары биргелешип иштөөнү сунуштады. Президент К. Бакиевдин убадасы боюнча эми жаштардын координациялык кеңешине 50 млн. сом бөлүнөт .Өлкө башчысынын Ысык-Көлдөгү иш сапары эртен 6-июнда Ак-суу районунда уланып, тарыхый инсан Кадыр Акенин эстелигинин ачылышына катышуу менен аяктайт. ( RB)

XS
SM
MD
LG