Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:45

АКШнын атайын өкүлү Пакистан жетекчилиги менен жолугууда


Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүл Ричард Холбруктун бүгүн Исламабадда өлкөнүн саясий жетекчилеринен тышкары армия башчысы, генерал Ашфак Кайани менен да сүйлөшүүлөрү белгиленген. Жолугушууда Пакистан армиясынын Сват өрөөнүндө талибдерге каршы жүргүзгөн операциясы талкууланат. АКШнын атайын өкүлү Ричард Холбрук кечээ качкындар лагерлеринин биринде болду. Ал Европа жана мусулман өлкөлөрүн Сват өрөөнүндөгү уруштардан улам жер которууга аргасыз болгон 2,5 миллиондой адамга жардам көргөзүүгө чакырды. АКШ өз тарабынан качкындардын муктаждыгы үчүн 110 миллион доллар ажыратарын жарыялаган.

Бул аралыкта бүгүн Сват өрөөнүнө коңшу Жогорку Дир деп аталган райондогу мечиттердин биринде жума намаз учурунда бомба жарылып, полициянын билдиргенине караганда, кеминде он адам өлдү, 30дан ашуун киши жаракат алды.

XS
SM
MD
LG