Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

Б.Бешимов: “Манас” базасы боюнча Х.Карзай эмес К.Бакиев ойлонушу керек


“Манастагы” АКШнын авиабазасы боюнча демилгени Ооганстан президенти Хамид Карзай эмес өлкө башчысы Курманбек Бакиев көтөрүп чыгыш керек, деп билдирди СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов. Анын айтымында, Өзбекстандын Анжиян менен Ханабад шаарларындагы жанкечилердин жардыруусу кыргыз бийлигин ойлондуруп, өлкө коопсуздугун камсыз кылуусу зарыл. “Пакистандын талибандар менен согушу Орто Азияга анын ичинде Кыргызстанга дагы терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан “Манас” абамайданындагы АКШнын аскер базасы Кыргызстанда калышы шарт”,-деди Бешимов. Кыргыз өкмөтү Манас аба майданындагы АКШнын аскердик аба базасын өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечкенин президент Курманбек Бакиев ушул жылы 3-февралда Орусияда жарыялап, Жогорку Кеңеш 19-февралда “Манас” аба базасы тууралуу келишимди жокко чыгарып, президент АКШнын аскерий базасын өлкөдөн чыгаруу тууралуу мыйзамга 20-февралда кол койгон. Келишимге ылайык Манастан АКШнын аба базасы август айында чыгарылышы керек. (AJ)

XS
SM
MD
LG