Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Нарында «Теңир Тоо жаштары» коомдук бирикмеси уюшулду


Чогулуш Нарын облустук акимчиликтин жыйындар залында өткөрүлдү. Жер-жерлерден келген жаштар өкүлдөрүнө коомдук бирикменин Уставы тааныштырылып, төрагалыкка Нарын шаардык кеңештин депутаты Мустафа Жумаканов шайланды.

"Биз Нарын облусунун, Кыргызстандын келечеги үчүн иштейли, келечек биздин колдо. Ошондуктан биригип, бир уюм аркылуу бир максатта бололу",-дешти бир катар жаштар. НМУнун жаштар жана студенттер бирлигинин төрагасы Эмил Чымылдаков мындай уюм саясый өнөктүк маалда эле уюшулбастан, дайыма жигердүү болуусу керектигин белгиледи. Жаңы уюшулган коомдук бирикменин жыйынынын ишине Кыргызстан Аялдар Конгрессинин төрайымы, өлкөнүн коомдук палатасынын төрагасынын орун басары Замира Акбагышева катышып, сүз сүйлөдү. Жыйындын ишин губернатордун биринчи орун басары Мирадил Бакашов алып барды. (KUs).

XS
SM
MD
LG