Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Чек айылына жакын жерде өзбек чек арачылары тосмо орноткону жатышат

Бул тууралуу Чек айылынын башчысы Сали Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, автомат менен куралданган өзбекстандын 20-30 чек арачысы күч менен Чек айлынын жанындагы талаага шлагбаум орноткону жатышат. “Буга элдер нааразы болуп чогулушту. Эгерде шлагбаум орнотулса айылдагы кыргыз жарандарынын Кыргызстанга каттоосу кыйындап, талаадагы өздөрүнө бөлүнгөн үлүш жерлерине 5-6 чакырым айланып өтүүгө мажбур болушат. Учурда Ноокен районунун администрациясы, райондук милициянын башчысы Өзбекстандын чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзүүдө”,-дейт Жумабаев. (AJ)
​
XS
SM
MD
LG