Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:31

Бүгүн Чек айылына жакын жерде өзбек чек арачылары жаңы тосмо орнотушту


Бул тууралуу Чек айылынын башчысы Сали Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, автомат менен куралданган өзбекстандын 20-30 чек арачысы күч менен Чек айлынын жанындагы талаага жаңы шлагбаум орнотушту. “Айыл тургундары чек ара маселесине көңүл бурбай, чек арага жакын жашаган адамдардын укугун коргобогондугу үчүн президент Курманбек Бакиевге нааразы болуп жатышат. Ноокен районунун администрациясы, райондук милициянын башчысы Өзбекстандын чек арачылары менен жөндөп сүйлөшө албай, өзбек тараптын айткандарына макул болушту”,-дейт Жумабаев. Ал чек араны коргоого бийликтин көңүлүн буруу үчүн чек арага чектеш айылдын тургундары Бишкекке жөө жүрүш уюштурушарын айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG