Бул тууралуу мурдагы Коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Исмаил Исаков “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, “Манастагы” АКШнын аскер базасы калат. Себеби дегенде аны чыгарганда Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында, өнүккөн өлкөлөрдүн алдында аброюн түшүрүп, тышкы саясаты туура эмес болгонун далилдеп берет. Ал эми Канттагы Орусиянын аба базасы тууралуу пикирин билдирген Исаков орус учактары Жамааттык коопсуздук уюмундагы куралдуу күчтөрдүн бири катары эсептелгендиктен, Кыргызстандын коопсуздугун сактоодо анын өзүнүн орду бар экенин билдирди. “Бул жерде материалдык кызыкчылык жөнүндө эч сөз жок. Анткени Кыргызстан жыл сайын 13-14 миллион сом зыянга учурайбыз. Себеп дегенде телефон кызматын, электр жарыгын, отун-суусун биз төлөйбүз. Булар жылдан жылга көп имараттарды салып, чыгымдарын көбөйтүп атпайбы”,-дейт Исаков. (AJ)