Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Бишкекте жеке менчик гезит күркөлөрү күч менен алынууда


Жүздөн ашуун гезит күркөлөрүнүн ээлери күркөлөр тарабынан эркин басылмалардын, алардын ичинде “Ачык саясат” гезитинин сатылышын тыйуу максатында “Кыргыз басмасөз” акционердик коому Бишкектин аймагындагы гезит күркөлөрүн күч менен алдырып жатышканын “Азаттыкка” билдирди. Алардын айтымында, “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесинин 120дан ашуун мүчөсү мындан эки жыл мурда “Кыргыз басмасөз” акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Садык Турсуналиев менен келишимдин негизинде гезит күркөлөрүн 2,500 доллардан 4 миң долларга чейинки баада сатып алышкан. Маалыматтарга караганда, Бишкек башкы архитектурасы, “Кыргыз басмасөздүн” жаңы жетекчилиги менен “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесинин ортосундагы талаш маселе Бишкек район аралык сотунда каралып, 7-майда сот Бишкек башкы архитектурасы жана “Кыргыз басмасөздүн” аракеттери сотто териштирилип бүткөнгө чейин күркөлөрдү алууну токтотуп туруу боюнча чечим чыгарган. Ушул эле соттун башка судьясы күркөлөр алынсын деген чечим чыгарып, эми ишемби, жекшемби күндөрү шаардагы күркөлөрдү шашылыш алуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү мунун артында “бийликтеги үй-бүлө” турат деген такталбаган маалыматтарды айтышууда. Бул маселе боюнча бүгүн “Кыргыз басмасөздүн” жетекчилиги жана Ак үй менен байланышууга азырынча эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG