Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:16

М.Абакиров: Элди атайылап сабатсыз кылууга жол берген саясат жүрүүдө


Бул тууралуу көркөм сөз чебери, жазуучу Мелис Абакиров “Азаттыктын” “Бетме-бет” берүүсүнө берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 2005-2006-2007-жылдардагы статистикалык маалымат боюнча кыргыз тилиндеги балдар үчүн жазылган 12 китеп 12 миң нуска менен чыккан. “Бул миң балага бир китеп деген сөз. Китеп окуудан калтырып, элди атайылап сабатсыз кылууга жол берген саясаттай болуп жатат”,-дейт М.Абакиров. Ал ошондой эле Бишкектен алтымыш чакырым алыстыктагы Жайнак Саадаев атындагы мектептин биринчи класстарында төрт эле Алиппе китеби бар экендигин, кыргыз тилиндеги окуу китептери чыгарылса да өтө аз санда чыгарылып, мектеп окуучуларына толук жетпей жатканын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG