Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Ош шаарынын жашоочуларынын газ үчүн карызы 76 миллион сомдон ашты


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган «Ош газ» башкармалыгынын жетекчиси Маматкалык Аматовдун айтымында, өлкөнүн түштүк борборунда көгүлтүр оттун кызматынан 65 миң чакты кардар пайдаланат. Алар өз убагында эсептешпегендиктен, «Өзбектрансгаз» мекемеси Ош шаарынын жашоочуларын төрт күн газсыз калтырды, бирок өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин маселе нугуна түштү. Ошентсе да, Ташкен бийлиги карыздар убагында төлөнбөсө, мандан ары газ эскертүүсүз өчүрүлөөрүн кулак кагыш кылды.
Оштук укук коргоочулар Кыргыз бийлиги жаратылыш байлыктарын биргелешип пайдалануу жаатында Өзбекстан жетекчилиги менен өнөктөш катары сүйлөшмөйүнчө, коңшу өлкөнүн кыр көрсөтүүсү токтобойт деп тынчсызданууда. (ATo

XS
SM
MD
LG