Кечээ “Ачык саясат” гезитинин башкы редакторунун орун басары Абдувахаб Мониевди Бишкектин Жаш Гвардия-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кечки саат тогуздарда белгисиз адамдар сабап кетишти. Бул тууралуу аталган гезиттин башкы редакторунун биринчи орун басары Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, гезиттин редакциясынан А.Мониевдин телефон номурун белгисиз бирөөлөр сурап алышкан. Аны маанилүү маалымат бар деп чакырып чыгышып, катуу сабап кетишкен. “Учурда Абдувахаб Мониев жаракат алып, бети-башы көгала болуп Бишкектеги атайын ооруканада дарыланып жатат”,-дейт Момбеков. Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматынан кабар ала алган жокбуз. (AJ)