Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 348,6 миллион долларды түздү


Кыргызстандын Каржы министрлиги билдиргенге караганда, ал тышкы карыздардын 58,6 пайызы, көп тараптуу насыя берүүчүлөр алдындагы милдеттенме болуп саналып, жалпы суммасы 1 миллиард 378,58 миллион долларга барабар. Ал эми эки тараптуу насыя берүүчүлөрдөн алган карыздын өлчөмү 964,5 миллион долларды түзөт. Кыргызстанга ири өлчөмдө карыз берген көп тараптуу каржы институттары – Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта кору сыяктуулар. Ошондой эле Орусия, Түркия, Жапония, Германия сыяктуу мамлекеттерден да өлкөгө ири суммадагы кредиттер келген. Эскерте кетсек, өлкөнүн тышкы карызы жыл башында 2 миллиард доллардын тегерегинде болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG