Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 04:06

Токтогулду кышка чейин он бир миллиард куб метрге толтуруу пландалууда


Былтыр кыш алдында бул көрсөткүч 9,6 миллиард куб метр болчу. Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин берген маалыматына караганда, мындан ары Токтогул суу сактагычындагы суунун өлчөмү жыл сайын көбөйүп, 5-6 жыл аралыгында мурдагы калыбына келип калуусу болжонууда. Аталган министрликтин энергетиканы бөлүштүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Марат Чолпонкуловдун билдиришинче, быйыл кышында деле жарыкты үнөмдөө иретинде электр энергиясын өчүрүү улантылат. Бирок жаркыты өчүрүү былтыркыга караганда 2 эсеге азаймакчы. Электр энергиясына болгон баанын өлчөмү өзгөрүүсүз калат. Ал арада экономисттердин божомолунда, жарыктын жыл сайын өчүрүлүп жатышы сууну үнөмдөгөнү менен өлкөнүн экономикасына, инвестициялык мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизүүдө. Экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өкмөт колдон келсе жарыкты бир күн да өчүрбөгөнгө аракет кылып, суу сактагыч толгуча кошумча энергия булактарын издесе туура болмок. (IJz)

XS
SM
MD
LG