Бул тууралуу КР чегара кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Буга чейин маалымдалгандай 7-июнда таңга маал саат 06.00 чамасында Кара-Суу шаарынын тургуну, 29 жаштагы Улукбек Жороканов «Достук» чек ара бекетине жакын жерде кетип бараткан учурда өзбек чек арачылары атып, өздөрү тараптагы ооруканага алып кетишкен. Азырынча жабырлануучунун өлүү-тирүүсү жана кайсыл өлкөнүн жараны экени белгисиз.(ZKo)