Ассамблеянын маданият, маалымат, туризм жана спорт комитети менен мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тажрыйбасын үйрөнүү боюнча туруктуу комиссиялары ушул тапта Чолпон-Ата шаарында эки күндүк жыйын өткөрүп жатат. Анда “Интернет тууралуу”, “Жаңы муундун паспорттук-визалык жана башка документтери”, “Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү”, “Физкультура жана спорт”, дагы ушул сыяктуу мыйзам долбоорлорунун үлгүлөрү каралат. Ошондой эле КМШ мамлекеттеринин чегара кызматташуу тууралуу Конвенциясына кошумчаларды макулдашуу боюнча сунуштардын долбоору кароого коюлмакчы. Бүгүн жыйындын башталышында ассамблеянын Катчылык Кеңешинин башчысы Михаил Кротов, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Айтибай Тагаев жана Украинанын Жогорку Радасынын төрага орун басары Николай Томенко сүйлөштү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)