Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Ноокат окуясы боюнча соттолгон Ахмадил Эргашевдин ден соолугу начарлоодо

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча Ахмадил Эргашев Жаңы-Жердеги №19 абакта камалып жаткан. А. Эргашев бат-бат эс-учун жоготуп жаткандыгына байланыштуу атайын санитардык бөлүккө которулган. Андан башка Ноокат окуясында айыпталып камакка алынган Музафар Тешебаевдин бир ыптасы, оң буту менен оң колу иштебей калып, Жалал-Абаддагы абактын санитардык бөлүгүндө жатат. Укук коргоочунун белгилөөсү боюнча булар экөө тең милициядан катуу таяк жегендер.(ZKo)
XS
SM
MD
LG