Бул тууралуу бүгүн Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциация билдирди. Аталган ассоциациянын төрагасы Жованни Бизиньяни бүгүн Малазиянын борбору Куала – Лумпурдагы жыйында белгилегендей, тармак азыр буга чейин болуп көрбөгөн кризисти баштан кечирүүдө. Авиаиндустриянын чыгымга учурап жатышы болсо ириде дүйнөлүк экономикадагы кризистен улам бул транспортту пайдаланган жүргүнчүлөрдүн саны жана ташылган жүктүн көлөмү азайганына байланыштуу.
Аба транспорту боюнча Эл аралык ассоциация дүйнөнүн 230тай авиокомпаниясынын башын бириктирет жана аларга эл аралык аба каттамдардын 90 пайыздан ашууну туура келет.
Аба транспорту боюнча Эл аралык ассоциация дүйнөнүн 230тай авиокомпаниясынын башын бириктирет жана аларга эл аралык аба каттамдардын 90 пайыздан ашууну туура келет.