Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Дүйнөнүн аскерий чыгымдары рекорддук деңгээлге чыкты


Франсс –Пресс агенттиги бүгүн швециялык иликтөө институтуна таянып билдиргендей, 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөнүн аскерий чыгымдары жаңы рекорддук чекти багындырып, 1 триллион 464 миллиард долларга чыккан. Бул мындан он жыл мурдагы суммадан 45 пайызга көптүк кылат жана дүйнөнүн улуттук дүң өндүрүшүнүн 2,4 пайызын түзөт. Ал эми дүйнө калкынын жанбашына бөлө келгенде, бир адамга 217 доллардан туура келет.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдагы эл аралык институттун жылдык баяндамасында айтылгандай, Кошмо Штаттар дүйнөнүн аскерий чыгымдары эң көп өлкөсү бойдон калууда. 2008-жылы коротулган каражаттын 42 пайызы АКШнын үлүшүнө туура келген.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай Франция менен Британиядан ашып, биринчи ирээт экинчи орунга чыкты. Орусия болсо бешинчи орунда.

XS
SM
MD
LG