Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Европарламентке шайлоодо оңчул-борборчул партиялар алдыга чыкты


Евробиримдиктин өлкөлөрүндө кечээ аяктаган шайлоонун натыйжасында Европарламенттеги 736 орундун 267си борборчул –оңчул партияларга тиери күтүлүүдө. Ал эми борборчул-солчул партиялар 159 орун алуусу мүмкүн. Бул - алар 2004-жылкы шайлоодо камсыз кылган көрсөткүчтөн төмөн. Анда борборчул –солчул багыттагы саясий күчтөргө 216 орун тийген. Кечээ аяктаган шайлоо ошондой эле Британия, Нидерландия, Австрия, Дания, Словкаия, Венгриянын ашынган улутчул жана иммигрантарга каршы маанайды карманган партиялары да Европарламенттен орун аларын көргөзүүдө.

Евробиримдиктин ири өлкөлөрүнүн бири –Британияда бийликтеги Лейбористтик партия жеңилип, 15% добушу менен үчүнчү орунду ээледи. Мындай жагдай премьер- министр Гордон Браунду кызматтан чегинүүгө үндөгөн чакырыктардын кайра жандануусуна алып барды.

XS
SM
MD
LG